logo

Түркияда окугум келет

        Учурда Түркияда Стамбул университетинде магистратурада окуйм. Бул жакка Түркия мамлекетинин стипендиялык программасы аркылуу келгем. Келгениме үч ай болду. Андан бери “Саламатсызбы Айпери эже. Мен Түркияда окугум келет. Ал үчүн эмне кылышым керек?” өңдүү  каттарды күн алыс интернет аркылуу алып турам. Мындан улам, болочоктогу студенттердин, жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн суроолоруна жооп берүү…

n_abdrahmanov

Үч кылдуу комуз дүйнөсүнүн чебери – Нурак Абдрахманов

Бир күнү таятам менен баарлашып отурган кезимде кыргыздардын так теке өнөрү тууралуу  кеп болуп калды. Мындан улам кызыгуум артып, бул өнөр тууралуу көбүрөөк билгим келди. Интернет булактарынан жана элдик кол аспаптар менен алектенген  тааныштарымдан сураштырып маалымат издей баштадым.  Ошондо музыка изилдөөчү Балбай Алагушов,  “Кыргызстанда  саналуу гана так текечи бар. Алардын бири Нурак Абдрахманов” деди. Көксөгөнүм…

багыт

Белгисиз багыт…

Балбалактап жааган кар. Аппак нурга бөлөнгөн Ош шаары. Аэропортту карай зуулдап өтүп жаткан унаалар. Алардын арасында биз да барбыз. Биздин маршрутубуз белгилүү. Бир апта бою сыртта жүрүп, ата-энебизди сагынып Бишкекти карай бара жаттык. Бирок Айбегимдики белгисиз багыт. Учактан түшкөндөн кийин бөтөн жерде аны эмне күтүп жатканын өзү да, биз да билбейбиз… Ошентип аэропортко да жетип…

shos

Бишкекте күндө эле саммит өтүп турса…

“Эжеке, сыртка чыксаңыз, биздин көчөбүздү жууп жатышат” деп энтиккен бөбөгүм чуркап келди. Көчөгө тазалык кызматкерлери суу чачып, жууп жатышкан экен. “Тазалыкчылар” да күндөгүдөн айырмаланып көкүрөктөрүнө аты-жөнү, кызматы жазылган бейджиктерди тагынып алышыптыр. Мындай көрүнүш эзели таштандысы шыпырылып, тазаланбаган биздин көчө үчүн жагымдуу жаңылык болду. Албетте, бул шаар жетекчилигинин ШКУнун саммитине карата көргөн даярдыктарынын бири болчу. Мындай…

images (3)

Салам, окурман!

Урматтуу окурман, бул кыргызча блог учурдагы  айрым турмуштук көрүнүштөргө болгон көз караштарымды, ар кандай тармактагы белгилүү адамдар менен болгон маектерди, Кыргызстан жана чет өлкөлөр тууралуу кызыктуу видео, аудио жана сүрөтбаяндарды камтыйт.