Бишкекте күндө эле саммит өтүп турса…

“Эжеке, сыртка чыксаңыз, биздин көчөбүздү жууп жатышат” деп энтиккен бөбөгүм чуркап келди. Көчөгө тазалык кызматкерлери суу чачып, жууп жатышкан экен. “Тазалыкчылар” да күндөгүдөн айырмаланып көкүрөктөрүнө аты-жөнү, кызматы жазылган бейджиктерди тагынып алышыптыр. Мындай көрүнүш эзели
таштандысы шыпырылып, тазаланбаган биздин көчө үчүн жагымдуу жаңылык болду.

Албетте, бул шаар жетекчилигинин ШКУнун саммитине карата көргөн даярдыктарынын бири болчу. Мындай даярдыктарды учурда борбор кааланын каалаган бурчунан көрө аласыз. Мисалы бүгүн сыйлуу коноктор биринин артынан бири келип жаткан учурда Турусбеков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат сырдалып жатты.

Фрунзе көчөсүндө таштандыларды “тазалыкчылар” колдору менен терип, желим баштыкчаларга топтошту. ИИМдин жол кайгуул кызматы болсо Жибек Жолу, Чүй, Манас проспектилери, Фучик, Совет жана Фрунзе көчөлөрүндө жол кыймылы чектелгендиктен айдоочуларды негизги көчөлөрдү айланып өтүшүн өтүнгөн смс-катын таркатса, мэрия Манас проспектисинде жашаган тургундарга “балкондорго кир жайып, уят кылбагыла” деп кайрылды.

Саммиттин шылтоосу менен көчөлөрдөгү жарык мамычалары оңдоп-түзөөдөн өтүп, көчө бойлоп кайыр сураган адамдардын изи суюлуп, негизги жолдордун жээгиндеги петунья гүлдөрү жаңы кутучуларга отургузулуп, тосмолор сырдалып, сейил бактардагы орундуктар толугу менен алмаштырылып шаарыбыз бир аз болсо да көрктөнгөнү көздү сүйүнтөт. Күндө эле ШКУнун саммити өтүп, шаарыбыз көрктөнө берсин дегиң эле келет экен.

Бирок мунун баары “ким үчүн?” деген суроо туулат. Чындыгында учурдагы көчөлөрдөгү унаа тыгыны, бири-бирине кыжырданган айдоочулардын үнү, кулакты тундурган сигнал берүүлөр шаардыктар үчүн керек эмес болчу…

Бишкек,12-сентябрь 2013-жыл

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *