Белгисиз багыт…

багытБалбалактап жааган кар. Аппак нурга бөлөнгөн Ош шаары. Аэропортту карай зуулдап өтүп жаткан унаалар. Алардын арасында биз да барбыз.

Биздин маршрутубуз белгилүү. Бир апта бою сыртта жүрүп, ата-энебизди сагынып Бишкекти карай бара жаттык. Бирок Айбегимдики белгисиз багыт. Учактан түшкөндөн кийин бөтөн жерде аны эмне күтүп жатканын өзү да, биз да билбейбиз…

Ошентип аэропортко да жетип келдик. Аэропорттун ичинде эл жык-жыйма. Арасында каттоону күткөндөрү, жакындарын узаткандары да бар. Каттоону күтүп биз да орундуктардын биринен орун алдык. Жаныбыздагы орундукта көлөмү чоң жүк сумкаларын карап жаш кыз отурду. Сыртынан карасаң мектеп жашындагы эне сүтү оозунан кете элек окуучу кыз. Өткөн-кеткендерди карап коюп, бирде жылмайып, бирде үшкүрүнөт. Аны менен сүйлөшкүм келип сөзгө тарттым.

– Кандайсың сиңдим, каякка сапар алдың?

– Жакшы эжеке. Москвага. Биринчи жолу баратам.

– Атың ким болот? Ал жакта сени тосуп алчу адам барбы же бирөө менен кетип жатасыңбы?

– Атым Айбегим. Ал жакта акем бар. Апам менен бара жатам. А сизчи?

– Атым Айпери. Бишкекке үйгө бара жатам. А сен ал жакта эми эмне иш кыласың?

– Билбейм. Эмне иш кылаарым, кандай жерде жашаарым белгисиз. Бул жактан апам экөөбүз кыйналып кеттик. Акемди көндүрүп экөөбүз тең бара жатабыз. Апам кала берсе болмок. Барганда оорусу күчөп кетпесе экен деп чочулап жатам.

– Буга чейин иштедиң беле? Деги жашың канчада?

– Жашым он алтыда. 9-классты аяктагандан кийин апама каралашып окуган эмесмин. Окуугум келет. Бирок апам ооруп калып, аны караганга киши жок болуп, окууну таштоого туура келди.

Ушундай деп, суроомо жооп кайтарганча каттообуз башталып коштошууга аргасыз болдук. Коштошуп жатканда да көзүнө жаш айланып, улутунуп алды. Ошондогу жашылданган көздөрү менен тике карап, жылмайган Айбегимдин элеси алигиче көз алдымда…

Ушинтип, жакшы жашоодон үмүт кылып, бөтөн жерге тобокелге салып кетүүгө аргасыз болгондордун саны көбөйүп, жашы жашаарганы өкүндүрөт. Алардын бул сапарын “белгисиз багыт” деп атаар элем…

P.S: Блог алгач Би-Би-Си уналгысынын сайтында жарыяланган: http://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan/2014/02/140205_blog_aiperi_seyitbekova

 

1-февраль 2014-жыл, Ош 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *