Үч кылдуу комуз дүйнөсүнүн чебери – Нурак Абдрахманов

Бир күнү таятам менен баарлашып отурган кезимде кыргыздардын так теке өнөрү тууралуу  кеп болуп калды. Мындан улам кызыгуум артып, бул өнөр тууралуу көбүрөөк билгим келди. Интернет булактарынан жана элдик кол аспаптар менен алектенген  тааныштарымдан сураштырып маалымат издей баштадым.  Ошондо музыка изилдөөчү Балбай Алагушов,  “Кыргызстанда  саналуу гана так текечи бар. Алардын бири Нурак Абдрахманов” деди.

Көксөгөнүм табылганына сүйүнүп, Нурак агай менен байланыштым. Интревью берүүсүн өтүндүм. Ал да макул болуп,  интервью үчүн  тоо койнундагы Байтик айылында жайгашкан үйүнө сапар алдык. Келгенимде боз үйдүн түспөлүндө салынган чоң бөлмөгө киргизди. Ичи кыргызча жасалгаланган. Шыпта түндүктү элестеткен тегерек люстра илинип турса, дубалда кыргыз жеринин кооз жерлерин чагылдырган сүрөттөр илинип турат.  Менин таңыркап бөлмөдөгү ар бир буюмду карап жатканымды байкаган Нурак агай, “бул бөлмөнү тамга улай жаңы салдырдым. Ичи кыргыз жыты жыттанган бөлмө болсун деген максатта улуттук буюмдарды топтоп жатам” деп калды.

Жай отуруп, агайдын чыгармачылыгы, так теке, комуз тууралуу маек курдук. Маңдайымда өзүнүн жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен адамдын көңүлүн  өзүнө тарта алган адам  отурду.  Нурак агай эринбестен так текенин оюнчуктарынын ар бир кыймылын, күүлөрдүн  мааанисин жана алардын жаралыш тарыхын айтып берип жатты. Суранычымды орундатып так текени ойнотуп, өзүнүн бир нече күүлөрүн да чертип берди. Маегибиз узакка созулуп, беш сааттык убакыт кантип өткөнүн  байкабай да калыптырбыз. Аягында өзүнүн аталык батасын берип, “так теке” тууралуу жаңы маалыматтар болсо бөлүшүүмдү өтүндү. Кийинчерээк бир нече ирет маданий иш-чараларда жүз көрүшүп, кабарлашып жүрдүк.

Интервьюсу:

https://soundcloud.com/ayperis/n-abdrahmanovmp3

Ал эми 26-май күнү эртең менен социалдык түйүндөрдүн бири аркылуу агайдын дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалым кат алдым. Окуган көзүмө ишенбей, ырчы  айым Юлияга  дароо чалдым.  Эмнегедир “бул маалымат жалган”  деген сөздү уккум келдим. Айла жок экен, кыргыздын сыймыгын шум ажал арабыздан алып кете бериптир.

Нурак агайдын күүлөрдүн гана эмес, так текенин да тарыхын изилдесем, аны да жумурай журтка жайылтсам деген аруу тилеги бар эле. Анын бул изилдөөсүнө кичине болсо да салымымды кошконум менен сыймыктанам. Агайга кыргыздын үч кылдуу комуз дүйнөсү менен мени тааныштырганына миң мертебе ыраазымын.

Нурак агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун…

Так теке тууралуу макаланы толугу менен бул жерден окуй аласыз: http://goo.gl/7q98Gh

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *