Түркияда окугум келет

лого
        Учурда Түркияда Стамбул университетинде магистратурада окуйм. Бул жакка Түркия мамлекетинин стипендиялык программасы аркылуу келгем. Келгениме үч ай болду. Андан бери “Саламатсызбы Айпери эже. Мен Түркияда окугум келет. Ал үчүн эмне кылышым керек?” өңдүү  каттарды күн алыс интернет аркылуу алып турам. Мындан улам, болочоктогу студенттердин, жогорку окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн суроолоруна жооп берүү максатында бул блогду жазууну туура көрдүм.

Быйыл мени Кыргыз-Түрк Манас университетин бүтүрүп жатканда, “эми эмне кылам?” деген ой түйшөлттү. Мындай суроо мени гана эмес, курсташтарымды да убайымга салып жаткан кез эле. Мугалимдер жана досторубуз менен кеңешип жаттык. Дал ошол мезгилде интернетте жана окуу жайыбыздын сайтында Түркия мамлекетинин стипендиялык программалары тууралуу маалыматтар жарыялана баштады. Бул программа тууралуу мурунтан уккан элек. Анткени, бул программа аркылуу Түркиядагы университеттерге тапшырып жана окуп жаткан тааныштарыбыз бар эле. Дароо аларга кайрылып, өйдөдө мага берилген суроолорду биз да алардан сураганбыз. Бирок, толугу менен баарын иреттеп айтып берген киши болгон эмес. Анда эмесе баарын иреттеп айтып берейин.

Түркияда чет өлкөлүк студенттер үчүн бир топ стипендиялык программалар бар. Алардын бирөөсү, Түркия мамлекетинин стипендиялык программасы http://www.turkiyeburslari.gov.tr/ .  Бул программа аркылуу Түркиядагы мамлекеттик ЖОЖдордо бакалавр, магистратура жана докторантурага тапшырууга болот. Абитуриенттин түркчө билүүсү шарт эмес.

Академиялык билим алуу даражаларына жараша стипендиялар:

1)      Бакалаврабитуриенттин жашаган өлкөсүнө жана билим алуу тилине жараша бөлүнөт. Мисалы кыргызстандыктар “Түрк тилдүү мамлекеттердин стипендиялык программасына” кабыл алынат. Бул программа үчүн орто мектептин же лицейдин бүтүрүүчү классында окуган (17-21жаш) окуучулар гана тапшыра алат. Стипендиянын көлөмү 550 лира. Тил курсу 1 жыл+ академиялык окуу 4 жыл.

2)      Магистратура: бул программага бакалаврдык билими бар же жогорку окуу жайдын акыркы курсунун студенттери тапшыра алат. Жаш курак боюнча 30 жашка чейинки студенттер кабыл алынат. Программанын түрүн билим алуу багытына жараша тандап алууга болот. Мисалы технология, инженерия багыты боюнча билим алуучулар үчүн өзүнчө программа каралган Магистрдик программалар өз ара диссертациялуу жана диссертациясыз болуп экиге бөлүнөт. Ал факультет жана бөлүм тандоодо аныкталат. Стипендиянын көлөмү 850 лира. Окуудагы жетишкендиги 70 баллдан жогору (орталама 2.5) болушу шарт. Тил курсу 1 жыл+илимий даярдоо курсу 1жыл+ академиялык окуу 2 жыл.

3)      Докторантура: бул программа үчүн магистрдик даражасы бар 35 жашка чейинки студенттер кабыл алынат. Стипендиянын көлөмү 1100 лира. Окуудагы жетишкендиги 75 баллдан жогору (орталама 3.00) болушу шарт. Тил курсу 1 жыл+ илимий даярдоо курсу 1жыл+ академиялык окуу 3 жыл. P.S: түркчө тил билбегендер жана мурунку алган билими тандаган факультетине төп келбегендер (мисалы, менеджментти бүтүрүп, журналистикага тапшыргандар) гана даярдоо курсунда окушат.

Программа тарабынан сунушталган шарттар:

  • Ай сайын стипендия
  • Студентке Түркияга жаңы келүүдө  жана окууну бүтүрүп кетүүдө учак билети бекер берилет.
  • Жатакана менен камсыздалат. Таңкы жана кечки тамак, жатакана каражаттары программа тарабынан төлөнөт.
  • Социалдык камсыздоо справкасы бекер жасалат
  • Мамлекеттик каттоодон өтүү арзандалган баада жасалат.
  • Түркчө тил курсунун акысы программа тарабынан төлөнөт.
  • Жеке университеттерге тапшыргандардын контрактысын студент өзү төлөйт. Мамлекеттик ЖОЖдордо бекер.

Тандоо эки этапта өтөт: 1-интернет аркылуу каттоо; 2-интервью

1-ЭТАП

Стипендиялык программага катталууда керектелүүчү документтер: Аттестат, диплом, мектепте же ЖОЖдо окуп жаткандыгын тастыктоочу справка жана транскрипт (окуудагы алган баалары тууралуу күбөлөндүрүүчү документ), паспорт,1-5 мүнөздөмө, сынактарда жана коомдук иштерде, курстарга катышкандыгын тастыктоочу дипломдор, сертификаттар, сыйлыктар, документтик фотосүрөт, каалоо каты.

Сунуштар: Бул документтердин түп нускасы жана электрондук нускасы да керек. Алгачкы каттоо интернет аркылуу жасалат. Алгач сайтка катталып, анын ичинен шилтемедегидей программа катталуу бөлүмүн толтурасыңар. https://basvuru.turkiyeburslari.gov.tr/Content/pdf/BK_tr.pdf Тандоодо окуудагы жетишкендиктерден тышкары мүнөздөмөгө (харатеристика), каалоо катына жана студенттин активдүүлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондуктан мүнөздөмөлөрдү таасирдүү жана силерди жакшы тааныган адамдардан алууңарды сунуштайм. Мектепте алган ыраазычылык баракчасынан баштап ар кандай сертификаттардын, сыйлыктардын, дипломдордун саны көп болгону жакшы. Каалоо катында (мотивационное письмо) эмне үчүн бул программаны, Түркияны тандаганыңарды, кайсы ЖОЖдо жана бөлүмдө окууну кааларыңарды, кайсы тармакта илимий иш жасоону жактырарыңарды жакшылап жазышыңар керек. Эң маанилүүсү алган билимиңер өзүңөр, Кыргызстан жана дүйнө үчүн эмне пайда алып келээрин түшүндүрүшүңөр керек. Англисче же түркчө жазылган катка, мүнөздөмөлөргө басым жасалат. Ар бир документтин кыскача түркчө же англисче түшүндүрмөсү (1-2 сүйлөм) жазылышы шарт.Интернет аркылуу каттоону акыркы күнгө калтырбай алгачкы күндөрү жасаган туура. Каталар чыкса, аларды оңдоого мүмкүнчүлүгүңөр болот. Каттоодо аты-жөнүңөрдү, ата-энеңердин аты-жөнүн, дарегиңерди документтерде англисче жазылгандай толтургула. Катталуудан мурда Түркиядагы ЖОЖдор жана факультеттер тууралуу маалымат алып тандагыла.

2-ЭТАП

Интервью: Каттоодон бир ай өткөндөн кийин 1-этаптын жыйынтыгы чыгарылат. 2-этапка өткөндөр интервьюга чакырылат. Чакырууда жолугушуунун сааты жана датасы жазылуу болот. Интервью Бишкектеги Түркиянын элчилигинде өтөт.

Сунуштар: Интервьюга барганда белгиленген сааттан эртерээк барган туура. Анткени, кезек күтүү бар. Расмий кийинип, керектүү документтердин (паспорт, дипломдон баштап каттарга чейин) түп нускасын толугу менен бир файлдык папкага иреттеп салып баргыла. Тандаган бөлүмүңөр жана Түркия тууралуу маалыматтарды алдын ала билип алгыла. Интервью учурунда өзүңөрдү эркин сезип, ишенимдүү сүйлөгүлө. Түркчө билбегендер үчүн атайын котормочу болот.

Жыйынтык Экинчи этаптын жыйынтыгы 2-3 айдан (август-сентябрь айларында) кийин гана чыгарылат. Электрондук дарегиңерге түркчө жана англисче жазылган кабыл алуу каты келет. Катта кайсы университетке жана факультетке документтериңер кабыл алынганы жазылат. Ошондой эле Бишкектеги Түркия элчилигинде өткөрүлчү каттоо күндөрү, керектүү документтер тууралуу маалымат берилет.

Документтер: диплом (аттестат), медициналык справка (форма 86 + ВИЧ\СПИД), паспорт, документтик фотосүрөт(4-5).

Сунуштар: Ар бир документтин үчтөн көчүрмөсү (фотокопия), нотариустун мөөрү коюлган түркчө котормосу алдын ала жасалышы шарт. Документтик сүрөттөрдүн 3х4, 5х6 өлчөмүндө болушу керек. Документтердин расмий котормосун элчиликтин жанындагы LEL аттуу котормо бюросунда бир күндө жана арзан жасап беришет. Паспорттун да түркчө котормосун жасатуу керек. Б.а. айтканда аты-жөнүңөр англисче, ал эми калган маалымат түркчө жазылып которулат. Анткени, Түркияда кээ бир окуу жайларда паспорттун түркчө котормосу да талап кылынат. Каттоону акыркы күндөргө калтырбай, эртерээк барууга аракет кылгыла.

Түркияга келүү жана бул жакта аткарылышы керек болгон процесстер тууралуу маалыматты кийинки блогдо айтып бермекчимин. Окууңарга ийгилик каалайм!

32 comments on “Түркияда окугум келет
  1. Thanks for your blog, and it is really helpful! So, I want to apply to this program too. But I have a question: the documents that I am going to send, should they have to be translated? If so, what language I should translate?
    Thanks,

      • сайтта катталуу үчүн başvuru же application шилтемесине кирип, ал жердеги талаптарды аткаруу керек. Мугалимдердин мүнөздөмөсү, мотивациялык кат керек.

    • программанын быйылкы талаптары боюнча бакалаврга 21 жашка чейинки абитуриенттер катыша алат. Ал эми жогорку кесиптик мектепти бүтүргөндөр дароо магистратурага тапшыра албайт. Башка программаларды да карап көрүңүз.

  2. саламатсыз .Мен быйыл политехтин энергетика факультетинин 5 курсун бутуп жатам Туркияга магистратурага кантип бара алам өзүмдүн кесибим боюнча же башка дагы жолдору барбы

    • саламатчылык, аталган программа боюнча да магистратурага тапшырсаңыз болот. Окуу жайларды тандоодо сиз каалаган факультеттери бар техникалык университеттерди тандаңыз. Мындан сырткары TUBITAK программасы жана университеттердин жеке экзамендери аркылуу тапшырсаңыз болот.

  3. Salamatsizbi?Baardik bergen maalimatiniz uchun chon rahmat aytam.Ishinizge iygilik.Аттестат, диплом, мектепте же ЖОЖдо окуп жаткандыгын тастыктоочу справка жана транскрипт (окуудагы алган баалары тууралуу күбөлөндүрүүчү документ), паспорт,1-5 мүнөздөмө, сынактарда жана коомдук иштерде, курстарга катышкандыгын тастыктоочу дипломдор, сертификаттар, сыйлыктар, документтик фотосүрөт, каалоо каты.
    Jogoruda siz jazgan bardik dokumenterdi toptodum.bulardin baardigin orusca,kirgizcadan turkchogo kotorturum pechatin basip anan juktoymbu? Je ar bir dokumenttin aldina kaysi dokemnt ekenin ele turkcho jazsam bolobu?

    • салам, экономика багытында билим алгыңыз келсе экономика факультетин тандайсыз. Кааласаңыз башка факультеттерди тандасаңыз да болот

    • Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн 1-мартта каттоо башталат. Мектептеги жана коомдук иштердеги жетишкендиктери бааланат. ЖРТ боюнча буга чейин алган баллдары бар болсо жүктөп койсо артыкчылык болбойт.

    • Тандаган бөлүмдүн жана университеттин шарттарына тийиштүү болот. Шарттуу турдө керек болсо жаңы окуу жылы башталганда сертификаттар колуңузда болушу керек

  4. Саламатсызбы.Мен мугалим болуп иштейм магистратурага тапшырайын дедим эле, педагогика тармагын кайсы универден тапсам болот.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *