Түркиядагы шайлоо божомолдору жана сандар

tr_shailoo (2) Түркияда жүргүзүлүп жаткан шайлоо өнөктүгүнөн бир элес. 2-июнь, Үскүдар/Стамбул.

Түркия 7-июнда 25-чакырылыштагы жаңы парламенти үчүн добуш берет.  Шайлоого  20 саясий партия  жана 165 көз карандысыз талапкер  катышат. 

Жогорку шайлоо мекемесинин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, быйыл  53  млн. 231 миң шайлоочу өлкө ичинде, ал эми 2 млн. 867 миң 658 киши өлкө тышында добуш берет. Алгач ирет добуш бере турган 18 жаш курактагы жаштардын саны 1 млн 103 миң 258 шайлоочуну түзөт.

Шайлоо үчүн  73 млн. 988 миң  955 добуш берүү баракчасы даярдалып, 2 млн. 917 миң 200 баракча чет өлкөдөгү Түркиянын 112 өкүлчүлүгүнө бөлүнүп берилген. Чет өлкөдөгү түрк жарандарынын добуш берүүсү 8-майда Австралияда башталып, 31-майда жыйынтыкталган.

Жалпы добуш берүү  7-июнда  07:00-17:00 сааттар аралыгында жүргүзүлөт. Ал эми үгүт иштери шайлоого чейин бир күн мурун токтотулат.

Түркиядагы Andy-Ar изилдөө ишканасынын 25-майда жарыялаган божомолдору боюнча: Адилет жана өнүктүрүү партиясы (AK PARTİ) – 41.9% ; Республикалык элдик партия (CHP) – 25.8%; Улуттук кыймыл партиясы (MHP) – 16.0% ; Элдик демократиялык партия (HDP) – 10.7% ; Бакубат партиясы (SP) – 3.2%  добушка ээ болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Адилет жана өнүктүрүү партиясы (АК партия) 2011-жылдагы шайлоодо Жогорку Межлистеги 550 депутаттык орундун 327сине ээ болгон.  Ошондой эле Республикалык элдик партиясы 135, Улуттук кыймыл партиясы 55 орун алган. Бийликтеги партиянын быйылкы максаты жалпы добуштун 55%на ээ болуу.

ANAR  коомдук изилдөө ишканасынын Интернет жаңылыктар басылмасына (internethaber.com) 4-июнда жарыялаган божомолдору боюнча АК партия 4-ирет бийликте калып, Элдик демократиялык партиясы  10 пайыздык шайлоо босогосунан  өтүшү мүмкүн. Борбордун жетекчиси Ибрагим Услу: “АК партия 2011-жылга караганда электоратынын санын азайтып алды. Ал эми Республикалык элдик партиясы  менен Улуттук кыймыл партиясы өз позицияларын бекемдеп алышты. Бул ирет Элдик демократиялык партиясы  10 пайыздык  добуш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”,-деп билдирген.

Түркияда парламенттик шайлоо төрт жылда бир өткөрүлөт.  Түрк Улуттук Жогорку Межлиси (парламент) 1920-жылы 23-апрелде түзүлүп, алгачкы өкмөт башчысы Мустафа Кемал Ататүрк болгон.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *