Алеппонун ыйын ук замандаш!

Дүйнө тарыхынын башаты, байыркы маданияттардын бешиги жана ааламга таркаган үч диндин (ислам, христиан жана уидаизм) мекени болгон Жакынкы Чыгыш, учурда алоолонуп күйүп жатат. Өзгөчө акыркы күндөрү Алеппо кыяматтын очогуна айланды.

2010-жылдын соңку айларында Тунисте башталган саясий толкундоолор тез арада Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө да чачырап, дүйнөнүн жаңы саясий күндемин түздү. Тоталитардык режимге каршы күрөш катары башталган “Араб жазы” бүгүнкү күндө Сирияда геосаясий кызыкчылыктары бар болгон тараптардын согушуна айланды. Алардын бирөөсү оппозицияны, экинчиси бийликти, үчүнчүсү да жихадчы террористтерди колдоп келет. Эки дөө тирешсе ортодо кара чымын өлөт болуп, жергиликтүү калктын беш жылдан бери көрбөгөн кордугу да калган жок.

Атын укканда эле жүрөгүбүз үрккөн Сирияда, күн өткөн сайын жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өлгөнүн кабарлардан улам билебиз. Көбүнчө жаңылыктарда Алеппода, Пальмирада, Мосулда, Шамда баланча-түкүнчө жоготуу бар, жардыруу же атышуу болду деген маалыматтар гана берилет.

15 эле секунд… Кайрадан ар ким күнүмдүк турмушу менен алек.

halepte-cocuk

Сириядагы согуш миңдеген балдардын өмүрүн кыйып, келечегин колунан алууда (сүрөт интернеттен алынды)

Дүйнөнүн саясий өңүтүн белгилеген дөө-шаалардын жыйындарында да ар кандай расмий уюмдардын статистикалык сандарына гана орун берилип, ким кандай жардам бергенинин жана кандай кызыкчылыгы бар экенин ортого салышат.

Буга чейин айтылган статистикалык сандарга көз салсак, Жакынкы Чыгыштагы согуштук кырдаалдан улам туулуп-өскөн жеринден качууга аргасыз болгон 4 миллиондон ашуун качкын, Сирияда гана 500 миңге жакын жоготуу жана өлкө ичинде жер которууга мажбурланган 6.5 миллион карапайым калк бар. Түркия болсо 2011-жылдан бери Сирия жана Ирактан качкан 3 миллиондон ашуун качкынга кучак ачкан. Учурда болсо Алеппода согуштун очогунда калган 80 миң жаранды кабыл алууга даярданууда.

Бул жөнөкөй гана сандар эмес! Өзгөрүүгө жана кыйылууга дуушар болгон замандаштарыбыздын тагдырлары!

Биз кинолордо гана көргөн зордук-зомбулукту чыныгы жашоосунда көргөн алепполуктар “канчалаган эмчектеги наристе, желпинген жеткинчек, кыялданган жаштар, аларды медер туткан ата-энелер бомбадан, ачкалыктан өлүп, сөөктөрү көмүргө айланды”! Бизди ук, көр дүйнө!” деп, заар какшап жатышат.

halep1

Алепподогу балалык (сүрөт интернеттен алынды)

Мындан улам, көзүнөн мончок-мончок жаш агып, зулумдарга наалат айткан “биз балабыз, террорист эмеспиз!” деген Бенанын, “учактар эртеден бери бизди бомбалап жатат! Оорукана жок! Балдардын сөөгү көмүр болду! Даары жок! Тамак жок!” деген Аммардын, “Аллах үчүн бизди куткаргыла!” деген Селма өңдүү балдардын үнүн, Алеппонун ыйын ук замандаш! Бир муундун жок болушуна ортоктош болбо!

Стамбул, 14.12.2016

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *