Автор тууралуу

ayperiМен, Айпери Сейитбекова 1991-жылы 22-апрелде Кыргызстандын Чүй өрөөнүнө караштуу Ак-Суу айылында төрөлүп өстүм. 2009-жылы  гимназиялык класстары менен №1 Ак-Суу орто мектебин аяктадым. 2009-2014-жылдары  Кыргыз-түрк Манас университетинин коммуникация факультетинде окуп, журналистика адистиги боюнча дипломдун ээси болдум. 2014-жылы Түркиянын Стамбул университетинин журналистика бөлүмүнө магистратурага тапшырып,  учурда диссертация жазуу менен алектенүүдөмүн.

Журналистикадагы алгачкы кадамым окуучулук кезимде “Айыл жаңылыктары” (Сельская новь) гезитине жарыяланган орусча жаңылыктарым менен башталган. Кийинчерээк  Манас университетинин радиосунда алып баруучу катары түз эфирлерди алып барып, студенттик “Манас” гезитинин кабарчысы жана шеф-редактору катары эмгектенип такшалдым. Ошол эле учурда бир топ жергиликтүү гезит-журналдар, сайттар менен кызматташтым.  2013-2014-жылдары Коомдук телерадиоберүү корпорациясында  эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүнүн коом менен байланыш боюнча адиси  болуп иштедим.

2014-жылдан бери Түркияда көз карандысыз журналист катары иштеп, эл аралык жаш журналисттерге арналган долбоорлордун жигердүү  катышуучусу болуп келем.

Алган сыйлыктарым:

  1. Айдын Доган фонду тарабынан уюштурулган 23-жаш журналисттер конкурсунун репортаж категориясында 3-орун – Стамбул, 2011
  2. М.Эшиканов фондунун “Эң мыкты студент-журналист” диплому – Бишкек, 2012
  3. М.Эшимканов фондунун “Эң мыкты жаш журналист” диплому жана сыйлыгы -Бишкек, 2013